23 июл 2019
Фейсбукта мыкты инсан, карындашым Рыскуль Абыкеева бар. Кесиби боюнча мага окшоп педагог. Озу Бай-Казак айылынан болот. Нарын шаарында эмгектенет. Рыскульдун ырааматылык тайатасы, Алина синдисинин (видеодогу кыз) чон-атасы Эмгекчил айылынын молдосу, аалым киши Абдрахман атабыз 1902 жылы жарык коргон Курани Карим, Мухтасар аль-Викоя жана фикх (намаздын эрежелери) китептерин "дайыма баракталып, окулуп турсун деп дайындаган экен. А Абдырахман атабызга анын атасынан, ага болсо - чон атасынан, чон атасына бабасынан калган мурастар экен... Рыскуль жана Алина карындаштарым ушул эски китептерди атайын мага белек кылуу учун Нарындан атайын Бишкекке келишиптир. Мен болсо уулум менен кенешип, 115 жыл мурда басылып чыккан Ыйык Куранды жана дагы эки китепти уйдо кармабай аны аалымдар жана студенттер окуп турсун, ошол учун ошолорго откоруп берели деп чечтик. Ага чейин шейх Чубак ажы менен ушул китептер жонундо суйлошкон элем. Шейх мага анын академиясына же Ислам университетине тапшырууну сунуштады.
Турсунбай Бакир Уулу
0:41
1 КОММЕНТАРИЙ
Б К
Аллах ыраазы болсун, канча адам ошол китептин бетин ачса ошончо сооп тийе берсин.