24 июл 2019
🔈📣📢 *ЖАРЫЯ, КАЙРЫМДУУЛУК.* Мурун айтылгандай, акыркы 2 жылдын Орозо айларында муктаж үйбүлөлөр үчүн азык-түлүк пакеттерин таркатканбыз, жөнөкөй эле карапайым адамдардын 200, 500, 2000 сомдон топтолуп отуруп, 100 дөн ашык үйбүлөгө аз болсо да азык түлүк бере алдык. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхи салам *"Эң жакшы садака - Рамазан айында берилген садака"* деп айткан. Ошондой эле, садака балээлерди кайтарат, адамдарды тамактандыргыла, ким бирөөнү тамактандырса, Аллах аны кыяматта Бейиштин тамактары менен тамактандырат, ким башка мусулман бир тууганын сүйүндүрсө, же бир муктаждыгын чечсе, Аллах ал адамдын кыяматтагы чоң муктаждыгын чечет, садака Аллахтын ачуусун (каарын) кетирет- деген мазмундагы хадистер да айтылган. Статистика маалыматтары боюнча калкыбыздын дээрлик 30% аз камсыз үйбүлөлөр түзөт экен, б.а. бул үйбүлөлөрдүн бир айлык кирешеси 900 сомдон 2800 сомго чейинки түзөт дегенди билдирет (1 адам башына). Орозо айында кылынган садакаларга башка айга караганда өтө көп сооптор
Кубанычбек Бакиров
3:45
3 КОММЕНТАРИЯ
Кубанычбек Бакиров
*ЖАРЫЯ, КАЙРЫМДУУЛУК.* Мурун айтылгандай, акыркы 2 жылдын Орозо айларында муктаж үйбүлөлөр үчүн азык-түлүк пакеттерин таркатканбыз, жөнөкөй эле карапайым адамдардын 200, 500, 2000 сомдон топтолуп отуруп, 100 дөн ашык үйбүлөгө аз болсо да азык түлүк бере алдык.Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхи салам*"Эң жакшы садака - Рамазан айында берилген садака"* деп айткан.Ошондой эле, садака балээлерди кайтарат, адамдарды тамактандыргыла, ким бирөөнү тамактандырса, Аллах аны кыяматта Бейиштин тамактары менен тамактандырат, ким башка мусулман бир тууганын сүйүндүрсө, же бир муктаждыгын чечсе, Аллах ал адамдын кыяматтагы чоң муктаждыгын чечет, садака Аллахтын ачуусун (каарын) кетирет- деген мазмундагы хадистер да айтылган.Статистика маалыматтары боюнча калкыбыздын дээрлик 30% аз камсыз үйбүлөлөр түзөт экен, б.а. бул үйбүлөлөрдүн бир айлык кирешеси 900 сомдон 2800 сомго чейинки түзөт дегенди билдирет (1 адам башына).Орозо айында кылынган садакаларга башка айга караганда өтө көп сооптор жазылат. Келиңиздер ушул 2018-жылдын Рамазан айында дагы муктаж үйбүлөлөргө 10-15 күнгө жеткен азык-түлүк берип, алардын кичинекей сүйүнүчүнө себепчи болуп калалы. Ар бир пакет берилген адамдын аты, жөнү, даректери толук катталат, кааласаңыздар даректерин, телефондорун да беребиз.Жылдагыдай азык түлүк бересиздерби деп уже сурагандар болуп жатат.Азыркы күнгө бир-эки келин, бир эки таксыр бир каражат беришти, топтоп жатабыз. Бир пакет азык түлүккө 700 сомдон 1000 сомго чейин каражат кетет, анын ичине май, картошка, пияз, гүрүч, чай, туз, ж.б. мөмө жемиштер алынат.Жалал-Абад шаары. Бакиров Кубанычбек Тоялыевич. "Ассалам" коомдук фондунун директору. "Ыйман" ватсап группанын админи.Ватсап 0779958333.Телефондор 0777661377, 0557661377, 0507661377.(01-июнь 2018-жыл)
Канайым Бакирова
Поздравляю!!!
Канайым Бакирова
Молодец!